Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Чек ара кызматы: Баткендеги чатакка тажик жарандарынын аракети түрткү болгон


Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргызстандын Мамлекеттик Чек ара кызматы Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.

Анда Кыргызстандын Бакай айылы менен Тажикстандын Исфара районундагы Тожикон айылынын тургундарынын ортосунда 12-сентябрда чатак чыкканы белгиленген.

Маалыматка караганда, чатакка тажик жарандарынын суу түтүктөрүн алып өтүү аракети себеп болгон. Айыл аймагы тактала элек чек ара тилкесине киргендиктен, ал жерде кандай гана чарба иштери болбосун жүргүзүүгө тыюу салынган.

"Тажикстандын жарандары буга карабай аракеттенгенде кыргыз тарап нааразы болуп чыккан, суу алып өтүү ишин токтотуу тууралуу кыргызстандыктардын талабынан кийин эки тарап кайым айтышкан" деп айтылат Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Конфликт жарым сааттан кийин жөнгө салынганы кабарланды. Ошол эле күнү Чек ара кызматынын Баткен облусундагы жетекчилиги тажикстандык кесиптештери менен жолугушуп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашкан.

Учурда чектеш эки айылдын жашоочулары менен Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери жолугушуп жатат. Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал көзөмөлдө экенин, Баткенде чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн маалымдады. (NT)

XS
SM
MD
LG