Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

УКМК: Сирияга барууга үгүттөгөн террордук уюмдун мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздукту камсыздоо жана контртеррористтик иш-чаралардын алкагында 1994-жылы туулган "Х.И." аттуу адамды кармаганын 14-сентябрда жарыялады.

Маалыматка караганда, ал КМШ өлкөлөрүнүн биринде узак убакыттан бери жашап, Сириядагы жаңжал болуп жаткан аймактарга барууга кишилерди үгүттөп келген.

Атайын кызмат бул боюнча кылмыш ишин козгогон. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камалган. Тергөө уланууда.

XS
SM
MD
LG