Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:50

ВТБ жетекчиси доллардан баш тартуу планын жарыялады


Андрей Костин

Орусиянын мамлекеттик ВТБ банкынын жетекчиси Андрей Костин АКШ долларынан баш тартуу үчүн төрт баскычтуу план бар экенин "Известия" гезитине билдирди.

Костиндин айтымында, биринчи кадам экспорт менен импортто башка өлкөлөрдүн акчасын колдонуу. Альтернатива катары евро, юань жана рублди атады. Экинчи кадам ири орус холдингдеринин юридикалык даректерин Орусиянын юрисдикциясына которуу. Үчүнчү кадам еврооблигацияларды көбүрөөк орусиялык аянттарда жайгаштыруу. Төртүнчүсү, баалуу кагаз базарындагылар бирдей эрежеде иштей тургандай лицензия берүү.

Костин андан мурдараак эгер ВТБ Кошмо Штаттарынын жаңы санкцияларына кабылса, кардарларынын долларларын рубль менен кайтарышарын билдирген.

АКШ санкцияларынан кийин доллардан баш тартуу аракети Орусияда кызуу талкууланып жатат. Буга чейин Түркия да америкалык валютадан арылууга чакырык таштаган.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG