"Ата Мекен" фракциясы бүгүн, 14-сентябрдагы жыйынында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин финансылык кеңешчиси Евгений Гуревичтин айткандары тууралуу маалымат укту.
Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев жыйында Гуревичтин айткандары боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди:
- Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өндүрүшүндө болгон кылмыш иштерди көзөмөл иретинде окуп чыктык. Ошонун негизинде өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен акча каражаттарын таап, ошолорду кайра кайтаруу, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча тапшырмалар берилди. Бул иш Башкы прокуратуранын өзгөчө көзөмөлүндө турат. Биз тергөөнү толук жүргүзүп, активдерди кайра кайтарып, тишелүү адамдардын жоопко тартылышына кызыкдарбыз.
Кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич жакында “Азаттыкка” маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ал 2015-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келип, аны менен жолукканын айткан.
Ошондой эле Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондор тууралуу көрсөтмө берүүгө даярдыгын айтып кызматташууну сунуштаганын, бирок кыргызстандык прокурорлор аны менен жолуккандан кийин такыр байланышка чыкпай койгонун маалымдаган. (NT)