Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:49

Зимбабве: Ич келте өмүрлөрдү кыйды


Зимбабве

Зимбабведе ич келте илдетинен улам өзгөчө кырдаал режими киргизилип, коомдук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Муну менен бийликтегилер оорунун жайылышын токтотууну көздөп жатышат.

Соңку жети күндө баш калаа Харареде эле ич келтеге кабылган 24 киши көз жумду. Эпидемиологиялык кырдаалды ичүүчү суунун булганышы күчөтүп жатат.

Жабыркагандар эки миңден ашканын өлкөнүн саламаттык сактоо министри Овадия Мойо билдирди.

2008-жылы Зимбабведе экономикалык кризис курчуп турган маалда ич келте илдетинен 4000ден ашуун киши каза болуп, 40 миңдейи жабыркаган.

XS
SM
MD
LG