Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Бүгүн кыргызстандыктар жалпы ишембиликке чыгышты


Сооронбай Жээнбеков Ботаникалык бакта.
Сооронбай Жээнбеков Ботаникалык бакта.

15-сентябрь бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелердин, укук коргоо органдарынын, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка тармактагы ишканалардын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү ишембиликке чыгышты.

Миңдеген адамдар бул күнү ишканаларынын айланасын, атайын бөлүнгөн жайларды жана таштанды толуп кеткен жерлерди тазалап жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков да өзүнүн аппаратынын кызматкерлери менен чогуу Бишкектеги Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөрүлгөн ишембиликке катышты.

Жыл сайын 15-сентябрда дүйнөнүн 150 мамлекетинде миллиондогон адамдар ишембиликке чыгышат. Бул акцияга быйыл Кыргызстан биринчи ирет кошулду. Аны өлкөдөгү "ЭкоДеми" бейөкмөттүк уюму демилгелеп, өздөрү миңдеген ыктыярчыларды бул күнү ишембиликке алып чыкты. (ErN)

XS
SM
MD
LG