Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:39

Караколдо талаш жараткан уруу башчысынын эстелиги коюлду


Арык Мырзанын эстелиги. Каракол шаары, Кыргызстан.
Арык Мырзанын эстелиги. Каракол шаары, Кыргызстан.

Бугу уруусунун чыккан Арык Мырзанын 450 жылдыгына карата анын айкели Каракол шаарынын борбордук скверине орнотулуп, ачылышы өттү.

Аземге президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Алмазбек Кененбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Ысык-Көл облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев, жергиликтүү жетекчилер жана маданият өкүлдөрү катышты.

Айкел Касым Тыныстанов, Кусейин Карасаев өңдүү Кыргызстандын чыгаан агартуучулары турган, калың журтка “Энелер аллеясы” деген ат менен таанылган борбордук скверге орнотулду.

Буга чейин жарандык активисттер шаардын борбордук аянтына уруу башчынын эстелигинин коюлушу архитектуралык да, идеологиялык да, тарыхый да ченемдерге кайчы келерин айтып чыгышкан. Тарыхчылар болсо Арык Мырзанын эрдиги тарыхый жактан далилденбегенин айтып, уруу лидерлеринин эстелигин коюуну сынга алышкан.

Арык Мырзанын 450 жылдыгына карата анын айкелин тургузуу демилгесин Ак-Суу районундагы Арык Мырзанын урпактары жана “Ак-Суу Арашан” коому көтөргөн. Айкелди Арык тукуму басымдуулук кылган Ак-Суу эли каржылаган.

Арык Мырза Көлдө бугу уруусунан кеңири тараган Орозбактынын беш уулунун улуусу жана алар санжырада "беш мырза" деген ат менен калышкан. Арыктар бугу уруусунан эң көп тараган урук болуп саналат. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG