Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Путин менен Абэ тынчтык макулдашууга жетишүүнү талкуулашты


Учурда Орусиянын карамагында турган Кунашир аралы.
Учурда Орусиянын карамагында турган Кунашир аралы.

Владивостокто өтүп жаткан дзюдо боюнча мелдеш учурунда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ өлкөлөр ортосунда тынчтык келишимине келүүнү талкуулашты. Бул тууралуу жапон NHK телеканалы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу маалымат каражаты кенен кабар берген эмес. Бул кабар Жапонияда Абэнин дарегине сындарды күчөттү.

12-сентябрда Чыгыш экономикалык форумунда Путин Жапонияны ушул жылдын аягына чейин эч кандай шарты жок тынчтык келишимин кабыл алууга чакырган. Кийин жапон өкмөтүнүн өкүлү талаштуу аралдарды Токио Москвадан алгандан кийин гана өлкө макулдашууга кол коерун жарыялаган.

Жапония менен Орусия Курил аралдарын - Итуруп, Шикотан, Кунашир жана Хабомаини Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери талашып келет. Мурда Жапонияга караган аралдарды согуш учурунда Советтер Союзу ээлеп алган. 1956-жылы СССР менен Жапония аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу декларацияга кол коюлганы менен тынчтык келишими кабыл алынбай калган. Аралдардын макамы келишимдин кабыл алынышын артка жылдырып келет. Орусия аралды өзүнүкү деп эсептейт, Жапония буга макул эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG