Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:17

Парижде Сенцовду колдоо максатында кезектешкен ачкачылык акциясы башталды


Олег Сенцов
Олег Сенцов

Парижде Орусиянын Франциядагы элчилигинин алдында активисттер украиналык режиссер Олег Сенцовду колдоо максатында кезектешкен ачкачылык акциясын жарыялашты. Аларга Франциянын таанымал саясатчылары, коомдук активисттери жана сүрөтчүлөр да тилектештигин билдиришүүдө.

Орус дипломатиялык миссиясында тургандар ар бир 24 саатта бири-бирин алмаштырып, кезектешип ачкачылык кармашат. Башкача айтканда бир адам бир сутка бою оозуна наар албай, экинчи киши акцияны улантып кете берет.

Акцияга Франциянын мурдагы юстиция министри Кристиан Тобир да кошуларын кабарлады. Украин туткунун колдогону келгендердин арасында режиссерлор Лоран Канте жана Паскаль Феррандар да бар. Акциянын уюштуруучулары дагы канча киши катышаарын айтыша элек.

Аннексияланган Крымда теракт даярдаган деп орус соту тарабынан 20 жылга кесилген режиссер Олег Сенцов 126 күндөн бери ачкачылык кармап отурат. Күнөөсү жоктугун айтып келаткан режиссер 14-майда Орусиянын түрмөлөрүндө отурган бардык украиналык саясий туткундарды бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялаган. Анын тагдыры эл аралык деңгээлдеги тынчсызданууга себеп болууда. Дарыгерлер анын саламаттыгы оор болуп калганын эскертишүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG