Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Жемкорлордон өндүрүлгөн каражат 400 млн. сомго чукулдады


Кыргызстандын улуттук валюталары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын улуттук валюталары. Иллюстрациялык сүрөт.

Коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 395,5 млн. сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Бул сумманын ичинен 161 млн. 630,4 миң сомун Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) жана 144 млн. 847,9 миң сомду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) которгон. Башкы прокуратура 87 млн. 881,7 миң сом жана Ички иштер министрлиги 1 млн. 15,5 миң сом төккөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууга буйрук берген. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бийлик мындай жол менен коррупция менен күрөштө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу мүмкүн болот деп эсептейт. (ErN)

XS
SM
MD
LG