Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Жапония: Адегенде жер талашы чечилсин


Путин жана Абэ Владивостоктогу экономикалык форумда. 12-сентябрь, 2018-жыл.
Путин жана Абэ Владивостоктогу экономикалык форумда. 12-сентябрь, 2018-жыл.

Жапония Орусия президенти Владимир Путиндин тынчтык келишимди жылдын аягына чейин “эч шартсыз” түзүү сунушун четке какты. Орус президентинин өткөн аптада Владивостоктогу экономикалык форумда жасаган билдирүүсү расмий Токио үчүн күтүүсүз болгон эле.

Орус президенти Токиого тынчтык келишимин “жылдын аягына чейин эч шартсыз түзүү” сунушун жапон премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу, расмий сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эмес, Владивостокто башка өлкөлөрдүн да лидерлери чакырылган экономикалык форумда жасаган эле:

- Мага бир идея келди. Тынчтык келишимди азыр эмес, жылдын аягына чейин, эч кандай алдын ала шартсыз түзөлү. Мындан кийин ошол тынчтык келишимдин негизинде дос катары бардык талаштуу маселелерди чечүүнү улантабыз. Менимче, бул бизге соңку 70 жылдан бери жүк болуп турган маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет,- деди Владимир Путин.

Жапон премьер-министри Синзо Абэ Путиндин алар үчүн күтүүсүз сунушуна ошол учурда жооп кайтарган эмес. Бирок мекенине кайтып барган соң ал башкаруучу партиянын жыйынында Токио Москва менен тынчтык келишимден мурда жер талашын чечүүнү көздөй турганын ырастады. Бул үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөр, анын ичинде Путиндин өзү менен жолугушуулар быйылкы жылы да улантыларын белгиледи.

Жапониянын Тышкы иштер министрлигиндеги дипломаттар кабарчылар менен маектеринде Путин “шартсыз тынчтык келишим” боюнча сунушту эки тараптуу расмий сүйлөшүүлөрдө эмес, башка көп тараптуу жыйында жасаганында сыр бар экенин белгилешти.

“Жапон өкмөтүнүн позициясында эч кандай өзгөрүү жок. Тынчтык келишимге кол коюлганга чейин биздин түндүк аймактардагы аралдарга болгон укугубуз чечилиши керек",-деди жапон өкмөтүнүн башкы катчысы Иошихиде Суга.

Кунашир аралынын көрүнүшү.
Кунашир аралынын көрүнүшү.

Токиодо жашаган орусиялык чыгыш таануучу жана саясат талдоочу Василий Головнин “Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде Жапониядагы коомдук пикир Путиндин күтүүсүз сунушун кандай кабыл алганын жана ал эмне үчүн четке кагылганын мындайча түшүндүрдү:

- Жапон өкмөтүндөгү маалымат булактары бул бейрасмий сунуштан Москванын турумун эмес, тескерисинче, Жапониянын сүйлөшүүлөрдөгү турумун сындыруу аракетин көрүп жатат. Түштүк Куриль аралдары боюнча Москва менен Токионун сүйлөшүүлөрүнүн тарыхынан кабары бар ар бир жапон Путиндин сөзүн шарттын мурдагыдан да катаалдашуусу катары кабыл алды. Путиндин тушунда Орусия 1956-жылкы Москва декларациясын толук тааный турганын 2000-жылы жарыялаган. Ал учурунда тынчтык келишимдин ролун ойногон болчу. Согуш абалын жоюп, дипломатиялык, экономикалык мамилени, соода, деңиз, транспорт жана башка байланыштарды калыбына келтирген. Бир гана нерсени - чек араны чече алган эмес. Ошол 1956-жылкы декларацияда ал кездеги СССРдин тынчтык келишимге кол коюлган соң азыр орусиялыктар жашаган Шикотан аралын жана эч ким жашабаган Хабомаи аралдар тобун берүүгө даяр экени жазылган. Андыктан Орусиянын мурдагы туруму боюнча ал СССРдин мураскери катары тынчтык келишимге кол коюлган соң бул аралдарды Жапонияга бериши керек эле. Азыр болсо Москва мурдагы турумдан тайып, адегенде тынчтык келишим түзүүнү, андан кийин чек араны чечүүнү сунуштоодо. Андыктан жапон өкмөтүнүн, жапондордун көз карашында, бул - бураманы катуурак буроо.

Талдоочу Головнин Путиндин күтүүсүз сунушу жапон премьери Синзо Абэ үчүн “дипломатиялык жеңилүү” болгонун кошумчалады.

Талдоочунун көз карашында, мындай сунуш Орусия менен Жапония ортосунда экономикалык кызматташтык Москва үмүттөнгөндөй жүрбөй жаткандан улам да жасалды:

- Менимче, Путиндин бул күтүүсүз сунушу көп жагынан Жапониянын Москва үчүн “экономикалык белектери” күлкү келе тургандай аздыгына капалыктан улам болду. Ири эч бир долбоор жок. 2017-жылы Жапониянын Орусияга инвестициясы анын чет мамлекеттердеги инвестициясынын 0,03% гана түзгөн. Башкача айтканда эч нерсе жок. Жапон бизнеси Орусияга кызыкпай жатат. Андыктан Москванын пикиринде, Жапония марттыгын көргөзбөй эле көптү сурап, бирок абдан эле аз берүүдө.

Жапониянын Түндүк аймактар күнүндөгү жыйын. 2006-жылкы сүрөт.
Жапониянын Түндүк аймактар күнүндөгү жыйын. 2006-жылкы сүрөт.

Жапониядан Итуруп, Кунашир, Шикотан аралардын жана Хабомаи майда аралдар тобун СССР Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында каратып алган. Орусия ал Түштүк Куриль деп атаган аралдарды өзүнүн ажырагыс бөлүгү, Жапония болсо “мыйзамсыз оккупация” астында калган түндүк аймактары катары көрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG