Сербия борбору Белградда бүгүн кумса, лесбиян, трансгендер, бисексуал активисттердин парадына өлкөнүн премьер-министри жана борбордун мэри да катышты. Бул учурда шаар борборун полиция курчап турду.
Сербиянын алгачкы аял премьер-министри Ана Брнабич өзүнүн лесбиян экенин ачык жарыялаган саясатчы. Ал Сербия борборунда соңку кездери жыл сайын өткөрүлүп келаткан гей парадга эки-үч министрин кошуп алып, былтыр дагы катышкан.
Бүгүнкү акцияга каршы Белградда отуздай киши нааразылык билдирип чыгышты. Демонстранттар арасында православ диниятчылар да жүрүштү.
ЛГБТ активисттердин айтымында, Сербияда аларга карата терс көз караш кеңири жайылган. Андыктан бүгүнкү гей параддын уюштуруучулары ЛГБТ жамааттын укуктарына байланышкан талаптарды күн тартибине чыгарышты. (UE)