17-сентябрда Сочиде Орусиянын лидери Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жолугушат. Алар Сириянын Идлиб провинциясындагы кырдаалды, өкмөттүк күчтөрдүн бул аймакка пландалган чабуулун талкуулашат.
Жолугушуу президент Башар Асаддын режимин колдогон Орусия, Иран жана ага каршы Түркия президенттеринин Тегерандагы үч тараптуу саммитинде Идлиб боюнча мунаса табылбагандан он күндөн кийин өткөнү турат. Ал саммитте Режеп Тайып Эрдоган Идлибге чабуулдун арты “эбегейсиз кан төгүүгө” айланарын эскерткен. Расмий Анкара мындай мазмундагы эскертүүлөрүн Тегеран саммитинен бери кайталап келатат.
Аба соккулары жана чабуулдар “качкындардын массалык толкунун, Түркия менен Европага эбегейсиз коопсуздук тобокелдигин жаратат”,- деп айткан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 11-сентябрдагы отурумунда Түркиянын элчиси Феридун Синирлиоглы.
Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Түркияга чектеш Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү таянычы. Ал аймакта, БУУнун эсебинде, үч миллиондой адам жашайт, алардын 1,5 миллиону Сириянын башка бөлүктөрүнөн жер которуп келгендер.
Идлибде “Ал-Каидага” байланышы бар “Жабхат ал-Нусра” тобунун 10 миңдей согушкери бар экени да маалымдалууда. (UE)