Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:22

Полиция: Солсбериде өзүн жаман сезген эки киши ууланган эмес


Солсбери чиркөөсү. 12-ноябрь, 2017-жыл.
Солсбери чиркөөсү. 12-ноябрь, 2017-жыл.

Британ полициясы Солсбери шаарындагы ресторанда өзүн жаман сезген эки киши "Новичок" заты менен ууланбаганын бышыктады.

16-сентябрда "Преццо" ресторанында тамактанып жаткан түгөй өзүн жаман сезип ооруканага жеткирилген. Полиция шаарда буга чейин болгон окуяларды эске алып инцидентке «өтө олуттуу» деген макам ыйгарып, ресторанды курчоого алган. Жабыркагандардын аты-жөндөрү атала элек. Айрым маалыматтарга караганда, алардын бири орус улутундагы киши. Полиция иликтөөнү улантып жатат.

Дал ошол ресторандын жанындагы дагы бир тамактануучу жайда март айында орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль кызы менен түштөнгөн. Көп узабай аларды эс-учун жоготкон абалда көчөдө табышкан. Бир нече жума дарыланып чыккан Скрипалдар совет маалында чыгарылган "Новичок" деген нервди шал кылчу зат менен ууландырылганы аныкталган.

Лондон кол салуунун артында Москва турат деп айтып келатат, орус бийлиги бул ишке тиешеси жоктугун ырастоодо.

XS
SM
MD
LG