Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Караколдогу “Ак-Тилек” базары күйүп кетти


Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарын өрт чалды. Тилсиз жоону өчүрүүгө төрт машина тартылган. Эки сааттай жалбырттаган өрттөн базардын канча чарчы метри жана канча контейнер күйүп кеткени айтыла элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиевдин белгилешинче, чыгымдар такталып жатат. Адам өмүрүнө зыян келген жок.

“Ак-Тилек” Каракол шаарындагы негизги чоң базар. Күбөлөрдүн айтымында, андагы беш контейнер күйүп кеткен. Өрт алгач бут кийим саткан контейнерден тутанганы айтылууда. (AsM)

XS
SM
MD
LG