Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Депутаттар “Жунда” заводунун иши менен таанышат


"Жунда" заводу.
"Жунда" заводу.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кара-Балтада көчмө жыйын өткөрүп, “Жунда” заводунун иши менен таанышат. Комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, эл өкүлдөрү комитет чечимдеринин аткарылышын карап, жергиликтүү тургундар менен жолугат.

- Шаардык суу каналына тийиштүү суу тазаланып чыккандан кийин 3% болсо, булардыкы 5 пайыз болчу. Ошол боюнча берилген тапшырмалар аткарылдыбы же жокпу? Жол, аймакты өнүктүрүү фонду, коопсуздук маселелери боюнча талкуулайбыз. Экотехинспекцияга карата маселелер бар.

Буга чейин депутаттар Кара-Балта шаарында жайгашкан мунайды кайра иштеткен кытайлык "Жунда" заводуна байланыштуу маселени көтөрүп, ишканадан чыккан түтүн "курчап турган чөйрөгө зыяндуу эмес" деген расмий тыянак чыгарылганы менен жергиликтүү жашоочулар иликтөө жүргүзүүнү сунуштап жатканын айтышкан.

Жергиликтүү тургундар «Жунда» заводу мунайды кайра иштетүүдөн пайда болгон зыяндуу зат түнкү саат 12:00дөн кийин чыгаарын билдиришкен.

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги шаардагы абаны жана топуракты текшерип, анын ишинен экологияга зыян келбегенин билдирген. Бирок жергиликтүү тургундардын бул ишканага нааразылыгы токтой элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG