Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

ЕАЭБдин тышкы саясаттагы багыттары талкууланат

Бишкектеги базар.
Бишкектеги базар.

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкекте “ЕАЭБдин тышкы саясаттагы багыттары” деген аталыштагы талкуу өтөт. Аны аймактагы эксперттерден турган “Пикир” клубу уюштуруп жатат.

Клубдан маалымдашкандай, тегерек үстөлгө Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык мамилелер боюнча эксперттер, коомдук ишмерлер катышат. Анда биримдиктин тышкы саясаттагы курсу жана ага мүчө мамлекеттердин улуттук кызыкчылыгы тууралуу сөз болот.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда расмий мүчө болуп кирген. Бийлик бул уюм "Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жана жергиликтүү айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоого чоң өбөлгө түзөт" деп убада берген. Анткен менен үч жылдан бери ата мекендик дыйкан-фермерлер экспорт маселесинде бир катар мүшкүлдөргө туш болуп, үч жыл мурдагы үмүт акталбай жатканын айткандар бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG