Кыргызстанга “Карантиндик аймак” соода-логистикалык борборун куруу пландалып жатат.
Бул тууралуу 17-сентябрда парламенттин профилдик комитетинде “Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү, карантиндик зона куруу жана жабдуу” долбоору боюнча Кыргызстан менен Сауд Арабия падышалыгынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралган учурда айтылды. Макулдашууга 2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган.
Маалыматка ылайык, мындай соода-логистикалык борбор куруу менен Сауд Арабия падышалыгы айына 1500 даана козу алып турууга даяр. Комитет төрагасы Айтмамат Назаров бул борборго деп каралган 960 миң АКШ долларына заманбап шарттагы мал кармоочу, ветеринардык кызмат көрсөтүүгө өзүнчө имараттардын курулушуна жумшаларын тактап, макулдашуунун негизинде аталган борборду ким башкарып, ким жоопкерчиликти алат деген суроолорду койду.
Эл өкүлү бул долбоорду ишке ашыруудагы уюштуруу иштери чечилбегендигин айтып, долбоордун чийкилигин белгиледи.
Жыйынтыгында гранттык макулдашуунун концепциясы сын-пикирлерди эске алуу менен жактырылды. (КЕ)