Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:08

Макмал алтын кенинде иш токтоду


Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын кенининде иш 31-августтан бери токтоп турат. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 18-сентябрда парламентте билдиргендей, өкмөт учурда кендин ишин улантуу үчүн инвестор издеп жатат.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Толкун Камчыбекова кендеги иштин токтотулушу боюнча буларды билдирди:

- Азыркы учурда минералдык чийки заттардын (сырье) базасы түгөнгөндүктөн, мындан кийинки иштер экономикалык жактан өзүн актамак эмес. Макмал кен иштетүү көрсөткүчтөрү боюнча чыгашага учураган мекеме катары 2013-жылы эле жабылышы керек экенин белгилеп кетели. Бирок Тогуз-Торо районунун социалдык абалын эске алып, ишкана башка филиалдардын эсебинен иштеп келген.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, өндүрүштүн токтотулганына байланыштуу 1-сентябарда жумуш орундары кыскартылган. Тагыраак айтканда, 924 кызматкердин 593ү кыскартылды. Аларга бардык тийиштүү кенемтелер төлөнүп берилет. (EBm\TSh\YU)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG