Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:38

Балыкчыда тергөөчү пара алууга шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Балыкчы шаардык Ички иштер бөлүмүндө иштеген тергөөчү пара алууга шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 16-сентябрда 100 миң сом алып жатканда колго түшкөн.

Шектүү мурда ачылган кылмыш ишти "сенин пайдаңа чечип берем" деп жергиликтүү тургундан пара талап кылганы айтылат маалыматта. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Пара талап кылуу) тийиштүү бөлүмдөрү менен кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

XS
SM
MD
LG