Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Тегеран, Дамаск, Сирия оппозициясы "Идлиб планын" кубаттады


Орусия президенти Владимир Путин Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен Сочиде жолугушту. 17-сентябрь, 2018-жыл.
Орусия президенти Владимир Путин Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен Сочиде жолугушту. 17-сентябрь, 2018-жыл.

Тегеран, Дамаск жана Сириянын оппозициясы Орусия жана Түркиянын Идлиб боюнча планын кубаттады.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 18-сентябрда "Твиттердеги" баракчасына "Орусия, Түркия жана Иран ортосундагы ыкчам, жоопкерчиликтүү дипломатия Идлибдеги согушту болтурбоодо жана экстремисттик террор менен чечкиндүү күрөштө өз жемишин берди" деп жазды.

17-сентябрда Түркия жана Орусия президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путиндин Сочидеги сүйлөшүүлөрү Сириянын Идлиб провинциясы боюнча меморандум кабыл алуу менен аяктады. Сүйлөшүүлөрдөн соң жарыялангандай, Анкара менен Москва Идлибде каршылаш эки тарапты ажыраткан демилитаризациялык буфер аймагын түзүүнү макулдашты.

Орусия - Түркия макулдашуусун Сириянын оппозициялык топтору, Сирия макулдашуулары боюнча комиссия да кубаттап, "карапайым элдин өмүрүн сактап калат" деп билдирди.

Оппозициялык бирикменин басма сөз катчысы Яхиа ал-Ариди макулдашуу "тынчтыкка карай жолду" көрсөтүшү керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG