Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт


АКШ балбаны Камал Амеер Бей жана кыргыз балбаны Акжол Махмудов. 6-август, 2017-ж.
АКШ балбаны Камал Амеер Бей жана кыргыз балбаны Акжол Махмудов. 6-август, 2017-ж.

Кыргызстандык грек-рим күрөшчү балбан Акжол Махмудов ушул күндөрү Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт. 77 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Махмудов бүгүн, 18-сентябрда көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Йилана Йилананы жеңип 9:1 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Акжол Махмудов 17сентябрда үч беттеш өткөргөн. Алгач ирандык Шаян Хоссейн Аффифини 10:1 эсебинде жеңди. Жарым чейрек финалда белорусиялык Артем Валасковичти 9:0 эсебинде утуп ишенимдүү келе жаткан. Тилекке каршы чейрек финалда орусиялык Ислам Опиевге жеңилип (1:1), алтын байге үчүн күрөштөн четтеп калды.

Орус балбаны жарым финалда АКШ спортчусу Камал Амеер Бей менен таймашта жеңишке жетип, финалга чыккандыктан Махмудовго көңүл жубатуучу таймашка чыгууга жол ачылды. Алдыда Махмудов коло байге үчүн Камал Амеер Бей менен таймашат. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов дал ушул акшылык спортчу менен 2017-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатынын финалында беттешип, жеңилип калган эле.

Акжол Махмудов 19 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж). 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону жана дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарынын күмүш байгесин алды.

Коло байге үчүн беттештер бүгүн кечки саат 10дон кийин башталат. Махмудовдон сырткары кыргыз балбандарынан Нуртазин Керимберди уулу (55 кг.) коло байге үчүн, Эрбол Бакиров (63 кг.) алтын байге үчүн египеттик балбан менен таймашка чыгат.

Жогоруда аталган балбандардан сырткары 18-сентябрда Кыргызстандын атынан Илим (72 ал.) жана Ильгиз Билимовдор (83 кг.) байге үчүн күчтөрүн сынайт. Азырынча Илим Билимов алгачкы беттеринде словакиялык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип алганы белгилүү болду. (ECh)

XS
SM
MD
LG