Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Орусияда полициячыга кол салууга айыпталып эки кыргызстандык кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Калуга облусунун Тергөө комитети Малоярославец шаарында эки кыргыз жараны полиция кызматкерине кол салууга айыпталып камакка алынганын маалымдады.

Расмий кабарга ылайык, экөө Малоярославецтеги кафеде ашпозчу болуп иштешкен. Алар 16-сентябрь түнү унаанын жарыгын күйгүзбөй айдап баратканда тартип сакчысы токтоткон. Документтери жанында болбогондуктан, жашаган батирине чейин коштоп барган полиция кызматкерине подъезде кол салышканы баяндалат билдирүүдө.

Суракта бирөө мындай жол менен административдик жоопкерчиликтен качып кетүүгө аракет кылганын мойнуна алган.

Укук коргоо органынын кызматкерине кол салгандарга Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренеси менен кылмыш иши козголот. Мыйзамга ылайык, айыпталуучуларга 200 миң рубль айып пул же беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Москвадагы кыргыз элчилиги кармалгандардын тек-жайы такталып жатканын кабарлады. (LzT)

XS
SM
MD
LG