Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Израил Орусиянын айыптоосун четке какты


Израил Орусиянын айыптоолорун четке кагып, Ил-20 учагынын кулашы үчүн сириялык аскерлер жооптуу деп билдирди. Ал тапта орус президенти Владимир Путин 17-сентябрда болгон кайгылуу окуядан кийин региондогу орусиялык аскерлердин коопсуздугун бекемдөө чаралары көрүлөөрүн айтты. Анын алдында Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын аба күчтөрү орустардын аскердик чалгын учагын жаңылышып атып түшүргөнүн билдирип, буга израилдик аскерлердин жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болгонун айткан.

Израил орусиялык аскердик учакта курман болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен бирге "кырсыкка тиешеси бар" деген айыптоолорду четке какты. Израил армиясы Ил-20 чалгын учагынын атып түшүрүлүшү үчүн Сирия президенти Башар Асаддын куралдуу күчтөрү, Иран жана "Хезболла" экстремисттик уюму жооптуу деп билдирди.

Израиль Асад армиясынын аскерлери учактарды зениттик ракеталык комплекстен "туш келди аткылаган" деген тыянакка келгенин айтып, инцидентти иликтөөдө Москвага жардамын сунуш кылды.

18-сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын аба күчтөрү кокусунан орустардын аскердик чалгын учагын Жер Ортолук деңизинин үстүнөн атып түшүрүп, 15 аскер набыт болгонун билдирген.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Ил-20 "Израил аскерлеринин жоопкерчиликсиз аракеттеринен улам" Сирия аба күчтөрүнүн бутасына илингенин кошумчалады:

- Орусиялык учакка жашырынып израилдик учкучтар аны Сириянын абадан коргонуу системасынын аткылоосунда калтырышкан. Натыйжада Ил-20 С-200 ракета комплекси тарабынан атып түшүрүлгөн.

Дүйшөмбүнүн кечинде Израилдин төрт истребители Латакия шаарындагы жайларга Жер Ортолук деңизи жактан сокку урган. Израиль армиясынын өкүлдөрү алардын учактары сириялык күчтөрдүн объектилерине сокку урганда Ил-20ны калкан катары пайдаланган деген ырастоо чындыкка коошпойт деп, ал маалда израилдик учактар өз аба мейкиндигине кайтышканын айтышууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги ошондой эле Латакиядагы операция тууралуу кабардар болушпаганын сындаган. Москва жооп чаралар көрүлөөрүн айтып, Израилдин элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Ошол эле күнү президент Владимир Путин Ил-20 учагынын кулашынан кийин региондогу орусиялык аскерлердин коопсуздугу бекемделерин билдирди.

- Жооп чараларды айтсак, биринчи кезекте биздин аскерлердин, Сириядагы объекттерибиздин коопсуздугу чыңдалат. Бул кадамдар бардыгы сезгидей болот.

Президент экипаждын жакындарына көңүл айтты жана кырсыкка “бир нече кайгылуу жагдайлар” алып келгенин белгиледи. Ал ошондой эле Москванын бул маселе боюнча позициясы Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө чагылдырылганын, документ жеке өзү менен макулдашылганын да айта кетти.

Атып түшүрүлгөн Ил-20 учагынын фрагменттери Баниас шаарына жакын жерде табылганы маалымдалды.

Израил Сириядагы жарандык согушта кайсы бир тарапты колдобойт, бирок Ирандын өнөктөштөрү, анын ичинде “Хезболланын” жайларына сокку урганын моюнга алып келатат. Израил Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө 17-сентябрдагы операция “Хезболла” уюму үчүн курал-жарак чыгарган сириялык аскерий завод бутага алганы айтылган. Орусия болсо президент Башар Асаддын негизги өнөктөшү.

Акыркы убакытта орус авиациясы козголоңчулардын акыркы таянычы - Идлиб провинциясын бомбалоого катышып келатат. Эл аралык коомчулук ал чөлкөмгө чабуул коюуга каршы чыгууда жана химиялык курал колдонулушу мүмкүн деген кооптонуусун билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG