Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:51

Олег Сенцов Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү


Жогорку Рада украиналык режиссер, азыр Орусиядагы камакта жаткан Олег Сенцовду Нобель сыйлыгына көрсөттү. Буга байланыштуу токтомго 450 депутаттын 245и добуш берди.

Олег Сенцов мыйзамсыз абакта отурган убактан бери өз жанын тобокелге салып, адам укуктары жана эркиндиктери үчүн күрөшүп жатат. Ошондуктан анын талапкерлиги Нобель сыйлыгына көрсөтүлөт”, - деп жазылган билдирүүдө.

Бул демилгени дүйнөнүн улуттук киноакадемиясы, коомдук жана маданий ишмерлер, саясатчылар колдошкон.

Буга чейин Европарламент Олег Сенцовду Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөткөн.

Аннексияланган Крымда теракт даярдаган деп Орусия соту 20 жылга кескен режиссер 123 күндөн бери ачкачылык кармап келе жатат. Сенцов өзүнө коюлган айыпты четке кагып, муну саясий буйрук катары сыпаттайт. Анын тагдыры эл аралык деңгээлдеги тынчсызданууга себеп болууда.

Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи 10-декабрда Ослодо өтөт.

XS
SM
MD
LG