Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Зере Асылбек кызынын атасы милицияга кайрылганын билдирди


Зере Асылбек кызы.

Ырчы жана активист Зере Асылбек кызын коркуткандардын үстүнөн милицияга арыз жазылды. Атасы Асылбек Жоодонбеков "Азаттык" радиосуна билдиргендей, арыз алардын жашаган дарегине байланыштуу Чүйдүн Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө берилди.

- Интернетке чыккан коркутуу мүнөзүндөгү жазууларды скриншот кылып арызга тиркедик. Милиция кызматкерлери интернетке чыккан маалыматтардын негизинде да териштирилип жатканын билдиришти,- деди Жоодонбеков.

Зере Асылбек кызынын "Кыз" аттуу ырына тартылган клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылгандар "Инстаграмда" аны "өлтүрүп кетебиз" деп коркутушкан. Bespredel_kg, ddjumabaev деп катталган колдонуучулардан келген билдирүүнү Зере 18-сентябрда "Фейсбукка" жарыялаган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы азырынча милицияга арыз түшө электигин белгилеп, текшерилип жатканын айтты.

Адам укуктарын урматтоого чакырган "Кыз" аттуу клип ушул аптада жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. (SE)

XS
SM
MD
LG