Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

АКШнын жаңы элчиси кыргызстандыктарга кайрылды


Дональд Лу.
Дональд Лу.

АКШнын Кыргызстанга жаңы дайындалган элчиси Дональд Лу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

18-сентябрда интернетке жарыяланган кайрылууда ал Кыргызстанга кайра келип жатканына кубанычта экенин айтып, буга чейинки саякаттары тууралуу баяндап берген.

Дональд Луну элчилик кызматка быйыл май айында АКШнын президенти Дональд Трамп көрсөткөн.

АКШнын Мамлекеттик департаментинде 25 жылдан ашык кызмат кылып келген 52 жаштагы Лу 2014-жылдын 17-декабрында АКШнын Албаниядагы элчиси болуп дайындалган. Ал буга чейин Кыргызстанда, Азербайжанда жана Индияда элчинин орун басары болуп иштеп келген.

АКШнын Кыргызстандагы буга чейинки элчиси Шейла Гуолтни былтыр июлда кызмат мөөнөтү аяктап жатканын айтып, коштошкон. (SE)

XS
SM
MD
LG