Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:13

Парламент жаңы министрлерди дайындоого макулдугун берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш өкмөттөгү айрым кызматтарга талапкерлерди карап чыгып, макулдугун берди. Шамилбек Асымбеков өкмѳттүн аппарат жетекчиси, Марат Жаманкулов юстиция министри, Эмил Осмонбетов Өнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин тѳрагалыгына көрсөтүлгөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуш кылынган талапкерлердин жетиштүү иш тажрыйбасы бар экенин белгиледи.

Асымбеков буга чейин өкмѳттүн аппарат жетекчисинин орун басары, Жаманкулов өкмөттүн юридика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, ал эми Осмонбетов «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Директорлор кеӊешинин мүчөсү болчу.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов берген арызына ылайык 7-сентябрда кызматтан бошотулган. Ал эми өкмөттүн аппаратынын буга чейинки жетекчиси Мурат Мукамбетов август айында иштен алынган. Айнур Абдылдаева юстиция министри кызматынан 7-августта алынган. Анын жумуштан кетишинин так себеби көрсөтүлгөн эмес. Айрым маалымат булактары ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматын тапшырганын жазышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG