Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:55

Жыйырма жыл кулчулукта жүргөн аял куткарылды

Зууракан Боллоева (жоолукчан) сиңдиси менен. Бишкек, 19-сентябрь.
Зууракан Боллоева (жоолукчан) сиңдиси менен. Бишкек, 19-сентябрь.

Казакстанда 23 жыл тамеки талаасында, тоодо мал багып иштеп жүргөн 51 жаштагы кыргызстандык Зуура Боллоева мекенине кайтып, жакындары менен жолукту. 

Бир туугандардын жолугушуусу 19-сентябрда Бишкекте эл аралык Кызыл жарым ай коомунун издөө кызматынын 25 жылдыгына арналган жыйында болду. 

Зуура Боллоева  Оштун Кара-Кулжа районунун тургуну. Аны бир апта мурун аталган уюм Астанадагы кыргыз диаспорасы менен бирге тапкан. Боллоева документи жоктугунан мекенине келе албай, жыйырма жыл бою тамеки талаасында, тоодо мал багып иштеген.​

Аны кулчулукта кармагандарга чара көрүү боюнча учурда документтер даярдалып жатканы айтылды. 

Расмий кабарга ылайык, Кызыл жарым ай коомунун издөө кызматы Кыргызстанда иштей баштагандан бери үч миңдей кайрылуу түшүп, 135 үй-бүлө жакындарын тапкан. Жоголгондорду издөө көбүнчө КМШ өлкөлөрүндө жүргөн. (AiA)

XS
SM
MD
LG