Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

20-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Күз.
Күз.

20-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27;

Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25;

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 20...25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн 12...14, күндүз 26...28 градус жылыйт. Жаан-чачын болбойт.

Чукул эскертүү!

21-24-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет. Суук болуп, автоунаа, байланыш, энергетика тармагында жана жайлоолордо мал кармоодо түйшүк жаратышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG