Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

УКМК: Сегизбаев көрсөткөн кагаздар каяктан чыкканын таба албай жатабыз


Белизден келди деген документтер.
Белизден келди деген документтер.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттнин төрагасы Идрис Кадыркулов "Мегаком" компаниясына байланыштуу Белиз өлкөсүнөн расмий документ Кыргызстанга келбегени аныкталганын дагы бир ирет билдирди.

Кадыркуловдун айтымында, УКМКнын Мусаканов жана Кенжешова аттуу кызматкерлери Белизге иш сапар менен барып келген деген маалымат туура эмес. Мусаканов Москвага, Кенжешова Ташкентке иш сапар менен барган.

"Жыйынтыктап айтканда, 2016-жылдан бери Белиз өлкөсүнөн эч кандай расмий документ келген эмес" деди Кадыркулов.

Ал ошондой эле УКМКнын мурдагы жетекчилиги жарыялаган документтер "каяктан чыкканын таба албай жатабыз" деп билдирди.

2016-жылдын 14-ноябрында УКМК айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген. УКМКнын ошол кездеги башчысы Абдил Сегизбаев "Белизден келди" деп кагаздарды көрсөтүп жаткан кадрлар мамлекеттик телеканалдан байма-бай көрсөтүлгөн.

УКМКнын быйыл апрель айында кызматтан кеткен мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде "ыкчам булактар" аркылуу алынды делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды. (BkA)

XS
SM
MD
LG