Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Бабановдун кылмыш иши тергелбей токтоп турат (видео)


Өмүрбек Бабанов.

Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иш учурда токтоп турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, учурда бул иш боюнча жөнөтүлгөн сурамдарга жооптор күтүлүп жатат.

Бабановдун партиялашы, депутат Руслан Казакбаев ишти териштирүүнү тездетүү зарылдыгын билдирди.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын күзүндө өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, утулган. Анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү Конституциялык түзүлүшкө каршы келери белгиленип, УКМК кылмыш ишин козгогон.

Бабанов учурда Орусияда ишкерлик менен алектенип жүргөнүн анын санаалашы, парламент депутаты Руслан Казакбаев билдирген. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (32)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG