Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Приморскийдеги талаштуу шайлоону жараксыз деп табуу сунушталды


Шайлоо жыйынтыгын бурмалоого каршы Владивостоктогу нааразылык акциясы. 17-сентябрь, 2018-жыл.
Шайлоо жыйынтыгын бурмалоого каршы Владивостоктогу нааразылык акциясы. 17-сентябрь, 2018-жыл.

Элла Памфилова Приморский крайынын губернаторун шайлоо жыйынтыгын "жараксыз" деп таанууну БШКнын бүгүнкү отурумуна сунуш кылды.

Анын мындай сунушу жергиликтүү шайлоо комиссиясына багытталды.

Памфилова комиссиянын бүгүнкү жыйынында белгилегендей, колдо бар маалыматтардын анализи шайлоо “олуттуу укук бузуулар” менен өткөнүн көргөздү.

Эгер шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылса жаңысы үч ай ичинде өтүшү керек.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков президент Владимир Путин БШКнын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сунушун колдой турганын ишара кылды.

Ыраакы Чыгыштагы Приморский крайында губернаторду шайлоонун экинчи айлампасы 16-сентябрда болгон.

Бюллетендер саналып жаткан учурда Коммунисттик партиянын талапкери Андрей Ишченко 5-6% добуш менен алдыда бараткан.

Бирок дүйшөмбү күнү эртең менен баштапкы жыйынтыктар бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын талапкери Андрей Тарасенко жеңгенин көргөзгөн. Ишченко атаандашы үчүн 40 миңдей бюллетен жапырт салынганын дароо айтып чыккан.

Аймакта 17-сентябрдан бери шайлоодогу бурмалоолорго каршы нааразылык акциялары өтүп жатат.

Бүгүн Владивостокко БШКнын комиссиясы барып мыйзам бузуу тууралуу маалыматтарды текшерип жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG