Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Каракол шаарынын мэри кызматтан бошотулду


Данияр Арпачиев.
Данияр Арпачиев.

Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев өзү жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү “Азаттыкка” кабарлады.

31-июлда Каракол шаардык кеңешинин депутаттары көпчүлүк добуш менен мэрге ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алган. Депутаттар мындай кадамды мэрдин шаарды өнүктүрүү боюнча иши канааттандырарлык болбогону менен түшүндүргөн. Арпачиев муну "партиялык кызыкчылыктан улам болду" деп билдирген.

Буга чейин шаардык кеңештин сунушун премьер-министр колдогон эмес. Шаардык кеңеш мэрдин маселеси октябрда кайра караларын билдирген.(КЕ)

XS
SM
MD
LG