Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Бишкек: Шаардык кеңеш коалиция түзүп, төрага шайлоо үчүн кезексиз жыйын курат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бүгүн 20-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши коалиция түзүп, төрага шайлоо үчүн кезексиз жыйынга чогулат. Жаңы коалиция төрт фракциядан куралып, “Кыргызстан” оппозицияда калмай болду. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты, “Республика – Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Канатбек Мүсүрканов “Азаттыкка” кабарлады.

- Алдын ала сүйлөшүү болду. Бүгүн ошону расмий жарыялайбыз. КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” коалицияга кирет. “Кыргызстан” "биз оппозицияда калабыз" деп өз талаптарын койду.

19-сентябрда КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ал тараган.

КСДП мүчөсү Эрнист Докенов муну жаңы мэрдин шайланышы, төраганын кетиши менен байланыштырды. Анын айтымында, кезексиз жыйында коалиция куралган соң төрага шайланат. Ага көпчүлүк коалиция бир талапкер чыгарат. Азырынча анын аты айтылган жок.

Шаардык кеңештин маалымат кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, “Кыргызстан” фракциясы Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин көрсөтүп жатат.

Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция тарап, былтыр декабрда кайра куралган. Ага КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракциялары кирип, “Республика - Ата Журт” фракциясы оппозицияда калган.

Шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Алмаз Кененбаев 17-августта президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG