Орусиянын калкынын саны 2018-жылдын январь-июль айларында 91 миң 900 кишиге кыскарган. Бул тууралуу Росстаттын “Орусиянын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө” журналында айтылат.
Ошол эле маалда миграциялык өсүштү эске албаганда, калктын саны 170 миң 500 кишиге азайган.
Мындан тышкары 2018-жылдын жети айында төрөлүүнүн көрсөткүчү начарлап кеткен.
Статистика кызматы экинчи жарым жылдыкта да ушундай динамика сакталса, соңку тогуз жылдан бери биринчи жолу калктын саны кемий турганын белгиледи.