Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Конгантиев шаардык кеңештин төрагалыгына ат салышуудан баш тартты


Шаардык кеңештин жыйыны. 20.09.2018
Шаардык кеңештин жыйыны. 20.09.2018

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, 38 жаштагы Кубанычбек Конгантиев кеңештин төрагалыгына талапкер болуудан баш тартты. Талапкерликке жазган арызын кайра алганы бүгүн сессияда белгилүү болду.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши коалиция түзүп, төрага шайлоо үчүн кезексиз жыйын өткөрүп жатат.

19-сентябрда КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ал тараган.

Эми КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” коалицияга кирмей болушту. “Кыргызстан” "биз оппозицияда калабыз" деп өз талаптарын койгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG