Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Талас: Ата-энелер мектепке боз үй сатып алууга акча чогултпай турган болду


Таластагы №1 мектептин алдына тигилген боз үй.
Таластагы №1 мектептин алдына тигилген боз үй.

Таластын мектептери боз үй сатып алууга каражат топтобой турган болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» буга чейин боз үй үчүн акча чогултууга каршы чыккан ата-энелер билдиришти.

Талас шаардык-райондук билим берүү бөлүмү калаадагы сегиз мектепти ата-энелердин эсебинен ар бир окуу жайга бирден боз үй сатып алууга милдеттендирип жатканын жергиликтүүлөр айтып чыгышкан. Ушундай тапшырма берилгенин айрым директорлор да ырастаган.

Ал эми билим берүү башкармалыгы мектеп директорлорун боз үй сатып алууга мажбурлабаганын айткан эле.

Маселен, баасы 38 миң сомдук бир боз үйдү сатып алуу үчүн айрым мектептер ар бир окуучунун ата-энесинен 50 сомдон чогултмай болгону кабарланган.

Мектептердин короосуна тигилген боз үйлөр кайра жыйналып коюлду. (AlS)

XS
SM
MD
LG