Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Талас: ата-энелер боз үй сатып алууга каршы


Таластагы №1 мектептин алдына тигилген боз үй.
Таластагы №1 мектептин алдына тигилген боз үй.

Талас шаардык-райондук билим берүү бөлүмү калаадагы сегиз мектепти ата-энелердин каражатынын эсебинен боз үй сатып алууга милдеттендирип жатканын жергиликтүүлөр айтып чыкты. Ушундай тапшырма берилгенин айрым директорлор да ырастады. Ал эми шаардык-райондук билим берүү башкармалыгы мектеп директорлорун боз үй сатып алууга мажбурлабаганын айтууда.

Талас шаарындагы Раиса Рысакова атындагы №2 орто мектептин 3-классынын окуучусунун атын атагысы келбеген чоң апасы мектепке боз үй сатып алууга ата-энелерден каражат топтолуп жатканына нааразы. Анын айтымында, 1400 окуучусу бар бул мектептин ата-энелери боз үйдү сатып алып, аны жасалгалоо үчүн 50 сомдон чогултмай болушкан:

- Мектептин директору "алышыбыз керек" деп ыйлап атпайбы. 30 сомду боз үйгө, 20 сомду ички жасалгалоого чогултмай болдук.

Дагы бир ата-эне боз үй сатып алуу демилгеси кайдан чыкканын түшүнбөй бушайман. Ал өз суроосуна мектеп жетекчилигинен оң жооп ала алган эмес.

- "Боз үй баланча сом болот, ошону ата-энелердин акчасына алабыз" деди. Бул боз үй каяктан чыга калганын да билбейбиз. Боз үй азыр мектептерге тигилип калган. Эми акча сурап жатышат.

Маалыматка ылайык, баасы 38 миң сомдук боз үй сатып алуу үчүн Талас шаарындагы сегиз мектептин ар биринде ата-энелеринен каражат топтолуп жатат. Мындай тапшырма Талас шаардык-райондук билим берүү бөлүмү тарабынан берилгенин шаардагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 мектептин директору Самара Жарманбетова ырастады:

- Негизи бул демилгени шаардык-райондук билим берүү бөлүмү көтөргөн. Августтагы конференцияда бала бакчаларга таратылган. Бизге кийинчерээк "силер деле албайсыңарбы" деп сунуштады. Акчаны чогултууга сентябрдын аягына чейин мөөнөт берилген. Тигип койгондон кийин акчаны чогултуп бербесек уят го…

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Байыш Керимбаев мектеп директорлорун боз үй сатып алууга мажбурлабаганын айтып, ким боз үйдү сатып алууну каалабаса артка кайтарууга болот деп ишендирүүдө.

- Ата-эне акчасын бербей койсо да өз эрки. Боз үй үчүн деп эч ким акча чогултпайт. Акча мектептин кем-карчы үчүн ата-энелер ачкан фонддон алынат. Алса алат, албаса боз үйдү артка кайтарабыз.

Боз үй жасап саткан Нарындагы "Этнотрейд" компаниясынын өкүлү Камчыбек Замирбеков боз үй артка кайтарылбай турганын айтты.

Буга чейин шаардагы сегиз бала бакчага 18 боз үй билим берүү бөлүмүнүн атайын эсебинен сатып алынган. Ал үчүн 680 миң сомго тендер жарыяланып, ар бири 38 миң сомго бааланган боз үйлөр Нарындан алып келинген.

Шаардык-райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Байыш Керимбаев мектептер сатып ала турган боз үйлөр кошумча буйрутма менен келгенин айтууда.

Билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги мектеп, бала бакчаларга боз үй тигүү менен улуттук каада-салтты жайылтууну максат кылып жатышканын айтууда.

Ал эми жергиликтүү активист Азамат Асеинов темирден жасалган бул боз үйлөрдүн наркы менен сапатына көңүл бурду.

- Балдардын билим алуусуна бул боз үй аркылуу таасир эте турган болсок же болбосо каада-салтты жеринде түшүндүрүү үчүн – кыргыздын нукура боз үйлөрүн колдонушса болмок. Экинчиден, бул темир боз үйлөрдүн баалары 25-30 миң сомду чапчыйт. Тендер өткөрүлгөндөгү баанын кымбат болушу адам ресурсу аралашкандай элес калтырат да.

Азыркы тапта боз үйлөр Таластагы сегиз мектеп менен сегиз бала бакчанын короосунда тигилип турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG