Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Абиров: Атамбаев менен жеке байланышым жок (видео)


Жаныбек Абиров.
Жаныбек Абиров.

Бишкек шаардык кеңешинин бүгүн жаңы шайланган төрагасы Жаныбек Абиров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жеке байланышы жок экенин билдирди.

Бүгүн “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып ал Атамбаев менен партиянын лидери катары эле тааныш экенин айтты. Мамлекеттик резиденцияда Атамбаевдин үйүн куруп берүүгө да тиешеси болбогонун белгиледи.

Ал ошондой эле Бишкек ТЭЦин көмүр менен камсыз кылуу укугу анын атасы Болот Абировдун “Рассвет” ишканасына тийген деген маалымат чын экенин билдирди.

Буга чейин коомдук ишмер Эдил Байсалов “Атамбаевдин 11 досу” деген иликтөө жарыялап, алардын арасында Болот Абиров аттуу жаран да бар экенин, ошондуктан ал тендерлерден утуп келерин жазган. Байсалов “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы “Атамбаевдин үйүн курууга Абировдор да салым кошкон болушу мүмкүн” деп божомолдогон.

Атамбаев негиздеген жана учурда жетектеп турган КСДП партиясынан Бишкек шаардык кеңешине келген 29 жаштагы Жаныбек Абиров бүгүн калаа депутаттарынын дээрлик бирдей добушу менен төрага болуп шайланды.

Жакында ал Болот Абиров менен байланышы тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып аны билбесин, жөн гана фамилиялары окшош экенин айткан.

Бирок бүгүн ал “Азаттык” радиосуна Болот Абировдун уулу экенин ырастады. (ErN)

XS
SM
MD
LG