Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Приморский крайында шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды


Шайлоодо добуш берүү бурмаланды дегендердин митинги.
Шайлоодо добуш берүү бурмаланды дегендердин митинги.

20-сентябрда Орусиянын Приморский крайынын шайлоо комиссиясы аймактагы губернаторлук шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Бул чечимди 13 комиссия мүчөсүнүн 12си колдоп, бирөө каршы чыкты. Аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Татьяна Камаева аларга өтө көп – 200дөн ашык арыз түшкөнүн билдирди. Арыздардын 115и Коммунисттердин талапкери Андрея Ищенконун "шайлоо штабынын шайлоочуларды сатып алуу жана добушканаларга ташып жеткирүүсүнө байланыштуу" болгонун айткан Татьяна Камаева арыздар укук коргоо органдарына берилгенин кошумчалады.

Коммунисттик партиянын талапкери Андрей Ищенко буга чейин, тескерисинче, бийлик талапкерин шайлоону бурмалады деп айыптаган. Бюллетендер саналып жаткан учурда Коммунисттик партиянын талапкери Андрей Ищенко 5-6% добуш менен алдыда бараткан. Бирок дүйшөмбү күнү эртең менен баштапкы жыйынтыктар бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын талапкери Андрей Тарасенко жеңгенин көргөзгөн. Ищенко атаандашы үчүн 40 миңдей бюллетень жапырт салынганын дароо айтып чыккан.

19-сентябрда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясындагы жыйында Элла Памфилова крайдын губернаторун шайлоо жыйынтыгын жараксыз деп таанууну сунуш кылган.

Бул - Орусияда 1996-жылдан бери шайлоонун экинчи айлампасынын алгач ирет жокко чыгарылышы.

Ыраакы Чыгыштагы Приморский крайында губернатор шайлоонун экинчи айлампасы 16-сентябрда өткөн.

Компартиянын лидери Геннадий Зюганов Приморский крайындагы шайлоо боюнча кылмыш ишин козгоого чакырган.

Аймакта 17-сентябрдан бери шайлоодогу бурмалоолорго каршы нааразылык акциялары өтүп жатат.

Эми аймакта жаңы шайлоо үч айдын ичинде өтүүсү керек. Ага кайра катышарын эки талапкер тең: Андрей Ищенко, Андрей Тарасенко да билдирди.

XS
SM
MD
LG