Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

РУСАДАнын аккредитациясын калыбына келтирүү каралат


20-сентябрда Допингге каршы эл аралык агенттиктин аткаруу комитети жыйынга чогулууда. Анда Орусиянын допингге каршы агенттигинин - РУСАДАнын аккредитациясын калыбына келтирүү маселеси каралмакчы. Жыйынды утурлай Жеңил атлетиканын Эл аралык ассоциациясы андай кадамга каршы чыкты. Ассоциация Допингге каршы эл аралык агенттиктин төрагасын каршы добуш берүүгө чакырды. Москва адегенде агенттиктин бардык талаптарын аткарууга тийиш деп айтылат кайрылууда.

Өткөн жумада допингге каршы эрежелерди сактоо комитети РУСАДАнын аккредитациясын калыбына келтирүүнү сунуш кылган. Бирок бул үчүн бир катар талаптар аткарылышы керек деген шарт коюлган. Атап айтканда, Орусиянын Спорт министрлигинин аткаминерлери кызытма жаңжалына аралашкан деген фактыны моюнга алышы керек, РУСАДАнын укуктарын калыбына келтирүүгө 13 улуттук агенттик каршы болууда. Орусиянын агенттиги 2015-жылы кызытма жаңжалынан кийин аккредитациясынан айрылган.

XS
SM
MD
LG