Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

“Фольксваген” компаниясы Иранда ишин токтотушу мүмкүн


"Фольксваген" Иранга 17 жылдык тыныгуудан кийин кайра барганына бир жылдан ашкан.  
"Фольксваген" Иранга 17 жылдык тыныгуудан кийин кайра барганына бир жылдан ашкан.  

АКШнын Германиядагы элчиси Ричард Греннеллдин "Блумберг" агенттигине айтканына караганда, автоунаа чыгарган "Фольксваген" компаниясы америкалык санкцияларды аткаруу үчүн Ирандагы ишмердигин токтотууну караштырып жатат.

"Биз бул чечимди кубаттайбыз, анткени Иран бийликтери өз элинин экономикалык ресурстарын бүткүл дүйнөдө зордук-зомбулукту жана туруксуздукту жайылтуу үчүн пайдаланып жатат" деди Греннелл 19-сентябрдагы маегинде.

Анын айтымында, Ак үй жана германиялык "Фольксваген" компаниясынын жетекчилиги Ирандан кетүү жолдорун 18-сентябрда макулдашкан. Бирок бул маалыматты Ак үй ырастай элек.

Ал эми немис компаниясынын өкүлүнүн “Франс-Пресс” агентигине “Фольсваген” "бардык улуттук жана эл аралык мыйзамдарга, ошондой эле экспорттук эрежелерди колдошорун" айткан.

“Биз ошондой эле АКШнын санкцияларынын күчүнө киришине байланыштуу ыктымал кесепеттерди эске алып жатабыз” деди компаниянын өкүлү.

"Фольксваген" Иранга 17 жылдык тыныгуудан кийин кайра кайтып барганына бир жылдан ашкан.

АКШ Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы келишимден быйыл май айында чыгып кеткен. Президент Дональд Трамп ага Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ал келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген. Ошондон бери Вашингтондун Тегеранга каршы экономикалык санкциялары баскыч-баскыч менен калыбына келүүдө. Мындан тышкары Трамп “Иранга өзөктүк курал жасоосуна жардам берип жатканы үчүн” башка өлкөлөргө да санкция салаарын эскерткен. Ошондон кийин франциялык “Тотал”, британиялык “Бритиш Эйрвейз” жана башка компаниялар Ирандагы иштерин токтоткон.

Тегеран 2015-жылдагы өзөктүк курал боюнча макулдашууну так аткарып келе жатканын айтып, АКШны “Иранда бийликти алмаштырууну көздөйт” деп айыптаган.

Иранга каршы санкциялардын кийинки баскычы ноябрда күчүнө кирет жана ал Ислам жумуриятынын экономикасынын өзөгүн түзгөн банк секторуна, мунай тармагына каршы багытталат.

XS
SM
MD
LG