Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

Ош: Кутурмадан каза болгон студенттин жакындары көзөмөлгө алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто кутурмадан каза болгон студенттин жакындары медициналык көзөмөлгө алынды. Аны менен чогуу жашаган балдар, ата-энеси, бир туугандары текшерилип жатканын "Азаттык" радиосуна Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун башкы дарыгери Светлана Шерматова билдирди.

Анын айтымында, Оштогу медициналык коллеждин 19 жаштагы студенти 16-сентябрда кутурмадан каза болгон. Маркумду июнь айынын башында окууга бара жаткан жеринен жолбун ит колун тиштеп алган.

- Аны менен чогуу жашаган балдар 13-сентябрда тез жардам чакырып, облустук ооруканага алып келишкен. Балага ошол эле күнү гидрофобия деген диагноз коюлган. Ал 16-сентябрга караган түнү каза болду. Арадан үч ай өткөрбөй, эртерээк кайрылганда балким тирүү калмак.

Бул окуядан кийин Ош шаардык мэриясы жыйын өткөрүп, ооруну алдын алуу жана жолбун иттерди жок кылуу аракети башталды. Өткөн жылы да Ошто ноокаттык келин кутурмадан каза болгон. (MdN)

XS
SM
MD
LG