Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Иракта терроризм айыбы боюнча тогуз тажик аял соттолду


Ирак сотундагы аялдар. Архивдик сүрөт.
Ирак сотундагы аялдар. Архивдик сүрөт.

19-сентябрда Багдад шаарынын соту тогуз тажикстандык аялдын ар бирин 20 жылдан эркинен ажыратты. Сотто алар “Ислам мамлекети” террордук тобуна мүчө болгон жана согушкерлерге турмушка чыккан деп айыпталды.

Бул маалыматты тажик бийлиги да ырастап, аларга Тажикстанда да “жалданмачылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.

19-сентябрдагы сот отурумуна катышкан ирактык журналист Умар Кариминин маалымдашынча, өкүм чыккан учурда төрт аял бакырып ыйлаган, калгандары чечимди унчукпай кабыл алышкан. “Азаттыктын” тажик кызматынын жазганына караганда, соттолгон келиндердин көбүнүн балдары бар, алар интернатка жайгаштырылган. “Соттолгондор макулдук берсе, тажик бийлиги балдарды мекенине кайтарууга аракеттенсе болот” деди “Азаттыктын” тажик кызматына атын атагысы келбеген адам.

19-сентябрдагы Багдад сотунун өкүмүндө аты-жөнү жазылган аялдар:

·Лутфия Иззатулло Абдулло

·Таманно Каримова Холахмад

·Сафаргул Набиева

·Мадина Ашраф Курбон

·Хадича Файзиддинзода

·Ирода Раззок Холик Содик

·Оиша Шербекова

·Зухро Зохир Мухаммад

·Зебо Джонаки Саидова

2014-жылдан бери миңден ашык тажикстандык Ирак жана Сирияга барып, “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кетишкен. Алардын 400дөйү аялдар жана балдар экен айтылган.

Буга чейин да төрт тажик аял террорчулукка айыпталып, өлүм жазасына кесилсе, дагы 13 аял 20 жылга жана өмүр бою соттолгон.

XS
SM
MD
LG