Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Индия талак айтып ажырашууну кылмышка теңеди


Талак айтып ажырашууга тыюу салган буйрукка каршы акция. Индия, 19-сентябрь,
Талак айтып ажырашууга тыюу салган буйрукка каршы акция. Индия, 19-сентябрь,

Индиянын өкмөтү мусулман эркектердин үч жолу талак айтып, ажырашуусун кылмышка теңеди. Шаршембиде жарыяланган буйрукка ылайык, аялына талак берген эркектер эми үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

- Мындай буйрук чыгарууга зарылчылык бар болчу. Болушунча тез чечим чыгарышыбыз керек эле. Дүйнө жүзүндөгү 22 ислам мамлекети «үч жолу талак айтуу» көрүнүшүн мыйзам менен жөнгө салган. Бирок Индия сыяктуу секулярдуу өлкөдө биздин кыздарыбыз жана эжелерибиз мындай адилетсиз мамилеге туш болуп келишкен,- деп билдирди Индиянын юстиция министри Рави Шанкар Прасад.

Индиянын 1 миллиард 300 миллионго чукул калкынын 13 пайызын же 170 миллионун исламдын сунни багытын карманган мусулмандар түзөт. Бул өлкөнүн мыйзамдары мусулман, христиан же хиндуларга никеге туруу, ажырашуу, мурас калтыруу сыяктуу үй-бүлөлүк маселелерди өздөрү карманган диндин шарттарына ылайык чечүүгө уруксат берет.

Андыктан Индиядагы “Мусулмандардын жеке мыйзамына” ылайык, эркектердин аялдары менен ажырашуусу үчүн араб тилиндеги “талак” деген сөздү үч жолу айтуусу колдонулуп келген. SMS же социалдык тармактар аркылуу талак айтып ажырашкандар да кездешет.

Соңку бир канча жылдан бери жарандык активисттер, алардын ичинде мусулман аялдардын өздөрү да талак жолу менен ажырашкан аялдар мыйзам тарабынан корголбой калып жатканын айтышып, нааразылыгын билдирип келишкен.

XS
SM
MD
LG