Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Окуучуга кол көтөргөн директор иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө мектеп окуучусуна кол көтөргөн директор ишинен алынды. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчынын кеңсеси кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя быйыл май айында Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында болгон. Кой-Таштын мектебинин директору Венера Чылпакбаева мугалимдердин жана окуучулардын көзүнчө 6-класста окуган балага кол көтөргөн.

Баланын ата-энеси Билим берүү жана илим министрлигине арызданып, натыйжада директорго сөгүш жарыяланган. Бирок кийин прокуратуранын жана акыйкатчынын кеңсесинин кийлигишүүсүнөн кийин дагы кошумча териштирүү жүрүп, Чылпакбаева кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG