Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 15:59

РУСАДАнын аккредитациясы калыбына келтирилди  


Допингге каршы эл аралык агенттиктин аткаруу комитетинин тогуз мүчөсү Орусиянын допингге каршы агенттигинин - РУСАДАнын аккредитациясын калыбына келтирүүнү колдоду. Экөө каршы чыкса, комитеттин бир мүчөсү калыс добуш берген. Аткаруу комитетинин жыйыны 20-сентябрда Сейшел аралдарында өттү.

Бирок Допингге каршы эл аралык агенттик 2018-жылдын акырына чейин Москвадагы лабораториянын иши менен таанышууга уруксат албаса, кайра РУСАДАнын аккредитациясын ажыратууга барышы мүмкүн экенин да эскертnи.

Өткөн жумада допингге каршы эрежелерди сактоо комитети РУСАДАнын аккредитациясын калыбына келтирүүнү сунуш кылган. Бирок 13 улуттук агенттик ага каршылыгын билдирип чыгышкан. Жеңил атлетиканын Эл аралык ассоциациясы Допингге каршы эл аралык агенттиктин төрагасын бул маселеде каршы добуш берүүгө чакырса, башкалары Москва адегенде агенттиктин бардык талаптарын аткарууга тийиш экенин белгилешкен.

Орусиянын агенттиги 2015-жылы кызытма жаңжалынан кийин аккредитациясынан айрылган.

XS
SM
MD
LG