Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:41

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү күнөөнү мойнуна алды


Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.

Мурдагы депутат, экс-баш прокурор Аида Салянованын инисинин өлүмүнө шектүү катары кармалган 32 жаштагы Эрмек Осмонкулов күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Бул маалыматты Салянова “Азаттык” радиосуна тастыктады. Ишти 20-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту караган. Шектүү Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен Улан Саляновду өлтүргөнүн айтты.

Соттук отурумда маркум Саляновдун баласы айыпталуучуну жакындан көрүүгө баратканда Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү анын жолун тосуп калышкан. Ошондон кийин жабырлануучу тарап менен Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү тартыша кеткен. Салянова муну чагым катары баалады.

Парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянованын иниси, 42 жаштагы Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы окуяны Аида Салянованын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, аны иликтөөнү талап кылышкан. Милиция кылмышта эч кандай саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун билдирген.

Ички иштер министрлиги Ошто ишкерди карактоого шектүүлөрдүн бири Улан Саляновду өлтүрүүгө катышкан адамдардын бири болуп чыкканын билдирген. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG