Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 20:24

МакГрегор Нурмагомедовду оңой эле утарына ишенет


Нурмагомедов жана МакГрегор 20-сентябрдагы жолугушуу учурунда. Сүрөттүн автору Ноа К.Мюррей (Noah K. Murray. USA TODAY Sports )

Конор МакГрегор атаандашы Хабиб Нурмагомедовду оңой эле жеңип, UFC чемпиондук наамын кайтарып аларын билдирди. 20-сентябрдагы “тиктешүү” салтанаты учурунда экөө кайым айтыша да кетишти. Залга бир бөтөлкө виски көтөрө кирген МакГрегор апрелдеги окуяны улам эске салып жатты. Анда мушкер бир топ шериктери менен Нурмагомедов отурган автобуска кол салып, терезесин талкалаган.

Орусиялык мушкер атаандашына караганда өзүн токтоо кармап отурду.

- Бул акыркы тогуз айдагы үчүнчү беттешим. Билесиңерби, 26 беттештин биринде да утулган эмесмин. Бу жигит эмнени сүйлөп жатканын билбейм, 6-октябрда эмне кыларын түшүнө албай турам. Ошондо виски жардам берет деп жатат окшойт, - деди Хабиб Нурмагомедов.

Ирландиялык МакГрегор UFCнин жеңил жана орто жеңил салмактагы мурдагы чемпиону. 24 беттешинин үчөөндө жеңилген. Ал эми Нурмагомедов жеңил салмактагы учурдагы чемпион.

Белгилүү мушкерлер 6-октябрда Лас-Вегаста мушташат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG